Ош. Шаарда Июнь окуясында жабыркагандарга үй берүү маселеси боюнча жыйын болуп өттү

Бүгүн, 13-декабрда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө 2010-жылдагы Июнь окуясында жабыркаган жарандарга үй берүү маселеси боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда жыйын болуп өттү. 
Жыйынга шаардык жетекчилик, облустук өкүлчүлүк жана укук коргоо кызматынан өкүлдөр келип катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө облус боюнча Июнь окуясында жабыркаган үй алуучу жарандардын саны 49, ал эми Ош шаарынан 31 жаран үй алуу кезегинде турары маалым болду. Катышуучуларга кайрылып жатып  "Таза, так иштегиле, ошого жараша биз саясий чечим кабыл алалы. Январь айынын биринчи жарымына чейин үй алуучуларга үйлөрдү берип бул темага чекит коёлу" деди  вице-премьер-министр Сарпашев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан