Ысык-Көлдөгү мушташ: Сабалган ата-бала милицияга арыз жазды

Кечээ, 16-августта Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде скутер иштеткендер менен эс алуучулардын ортосунда мушташ чыккандыгы боюнча видео социалдык тармактарда тараган. Аталган факты Ысык-Көл РИИБинин маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бүгүн, 17-августта облустук милиция окуя Кош-Көл айылындагы "Радуга Вест" эс алуу борборунун жанында болгонун, жабырлануучулар Алматыда жашаган Кыргызстандын жарандары экенин билдирди.

"Сотко чейинки өндүрүш ишинин учурунда скутерлерди ижарага алып иштеткен жарандардын аты-жөнү аныкталды. Алар 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Ж., Кош-Көл айылынын тургундары С.А. жана Б.Э. Тамчы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тергөө кызматына жеткирилди.

Милиция кызматкерлери тарабынан скутердин ижарачыларынан ур-токмогуна кабылган эс алуучулардын да аты-жөнү аныкталды. Жабырлануучулар Алматыда жашаган Кыргызстандын жараны 55 жаштагы С.Д. жана анын уулу 27 жаштагы С. Э. арыз жазышып, скутердин ижарачыларына карата чара көрүүнү өтүнүшкөн", - деп жазылат маалыматта.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалганы, анын жыйынтыгына карап чара көрүлөрү маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан