Ош. Шаарда Келдибековду бошотуусун талап кылып саясий ачкачылык жарыялаган энелер ооздоруна скотч чаптап алышты (фоторепортаж)

Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип абакка алынган Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен депутаттын тарапташтары саясий ачкачылык жарыялашканына 3 күн болду. Эске салсак, алар буга чейин орозо кармап келишкен эле. 

Бүгүн, 13-декабрда да Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан коргоо комитетинин штабындагылар нааразылык акциясын улантышууда. Алардын бири Азарбай Осмоналиев: "Акаев, Бакиев бийликте турган мезгилде ачкачылык жарыялагандарга көңүл бөлчү эле. Бул бийлик таптакыр көңүл бөлбөй жатат. Биз балабызды эле актап берүүсүн суранабыз",- деди.

Эскерте кетсек, 20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексининин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган эле. 22-ноябрда Бишкектеги Октябрь райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы менен 2 айга камалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан