Ош шаардык мэриясы жана Гангнам шаарынын муниципалитети биргеликте кызматташууну баштады

Бүгүн, 13-декабрда Ош шаарынын вице-мэри Рустамбек Мирзаматов Корея Республикасынын Гангнам шаарынан келген делегаттарды кабыл алды. Аталган жолугушуу Ош шаардык мэриясынын инвестиция тартуу жана эл аралык кызматташтык боюнча комитети тарабынан уюштурулган. Жолугушууда эки тарап биргеликте мындан ары карым-катнашты жакшыртуу максатында кызматташуу келишимин түзүү чечимин кабыл алышканы тууралуу шаардык мэриянын басма сѳз кызматы кабарлады. Бүгүнкү күндөн тарта эки өлкө инвестиция, экономика, билим берүү, медицина жана маданият тармактары менен биргеликте иш алып барышмакчы.

Биздин мекендештер Кореяда жашап жана иштешет. Ал эми Кыргызстанда корей улутундагылар аябай көп жашайт. Биз тез арада Гангнам аттуу бай шаар менен узак мөөнөткө келишим түзүүбүз шарт жана мындан ары кызматташуунун өркүндөтүүбүз керек”, - деди Р.Мирзаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан