"Эс алуучу биринчи кол көтөргөн". Ысык-Көлдөгү мушташтын чыр чыкканга чейинки видеосу тарады

Бүгүн, 18-августта Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы "Радуга Вест" эс алуу борборунун жанындагы көл жээкте орун алган скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын ортосундагы мушташ боюнча чыр башталганга чейинки видео тарады.

Байкоочу камерага тартылып калган видеодо скутер жээкке келе жаткан учурдан баштап көрсөтүлгөн. Андан кийин эс алуучулар көлдөн жээкти карай жөнөгөнүн көрүүгө болот. Ижарачылар аларды ээрчишип, бир нерсе сурашат.

Эс алуучу 27 жаштагы С.Э.нин атасы бир нерсе айтып, кол шилтеп, ары карай басат. Скутердин ижарачысы анын артынан бармакчы болгондо С.Э аны түртүп, кекиртектен алат. Экөө араздашып жатканда, С.Э.нин атасы ижарачыны бир тебет. Андан соң оозеки пикир келишпестик мушташка айланат.

Эске салсак, 16-августта социалдык тармактарда аталган мушташтын видеосу тараган. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, окуя Кош-Көл айылында орун алган.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу мушташка катышкан скутер ижарачыларынын аты-жөнүн аныкташкан. Алардын айтымында, эс алуучулардын бири скутер менен бара жатып, суу транспортунун кыймылдаткычына (мотор) суу киргизип алган. Эс алуучу оңдоо иштерине акча төлөп берүүнү убада кылган, бирок жээкке чыкканда баш тарткан. Натыйжада алардын ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланган.

17-августта облустук милиция мушташка катышкан эс алуучулар Алматыда жашаган Кыргызстандын жарандары 55 жаштагы С.Д. жана анын уулу 27 жаштагы С.Э. экенин билдирген. Ошондой эле алардын скутердин ижарачыларына карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазганы маалым болгон.

Ал эми скутердин ижарачылары 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Ж., Кош-Көл айылынын тургундары С.А. жана Б.Э. экени белгилүү болгон. Окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бүгүн облустук милиция мушташка байланыштуу 3 жаран кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголду.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында, скутердин ижарачылары А.Ж. жана С.А., ошондой эле эс алуучу С.Э. сот тарабынан баш коргоо чарасы тандалганга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Ысык-Көлдөгү мушташ боюнча чыр башталганга чейинки видео тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан