Өлкө башчы Садыр Жапаров казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак белек кылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, президенттин атынан аргымак кечээ, 20-августта Бишкекте казак акынына мингизилди.
13-августта клубдар арасындагы көк бөрү боюнча Дүйнө чемпионатынын ачылышында Садыр Жапаров казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак бергенин алып баруучу Асылбек Өзүбеков айткан.