1-сентябрдан тарта мектеп директорлору менен завучтардын айлыгы көбөйөт

Өлкөдө 1-сентябрдан тарта мектептердин директорлору менен окуу бөлүмүнүн башчыларынын (завуч) айлыктары 50 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, мурда 13 жылдык стажы бар 100-600 окуучу билим алган мектеп директору 19,1 миң алса, эми 28,7 миң сом болуп көбөйдү. 1800дөн ашык окуучусу болсо 35 миң сомго чейин жетет.

Эмгек акыны жогорулатуу үчүн жылына 549 ​​миллион сом, быйылкы жылдын 1-сентябрынан тарта 183 миллион сом талап кылынат.

Белгилей кетсек, буга чейин сентябрь айынан баштап директорлордун, завучтардын жана жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын айлык акыларын жогорулатуу пландалып жаткандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан