Академик Сабырбек Жумабеков Казакстандын “Достук” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сабырбек Жумабеков бир тууган эки элдин ынтымагына, достугуна кошкон салымы үчүн Казакстандын ардактуу сыйлыгына татыктуу болгон. Ал ушул убакка чейин 3000ден ашуун казакстандык жаранга операция жасаган. Ошондой эле анын жетекчилиги алдында казак дарыгерлеринин 1 докторлук, 2 кандидаттык диссертациясы корголгон.