Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак-Тилек-автодорожный” өткөрмө пунктунда жүк ташуучу унаалардын узун кезеги байкалууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бүгүн, 22-август саат 12:00гө карата Кыргызстандан Казакстанга өтүү үчүн 430дай жүк ташуучу унаа кезекте турат.
Акыркы суткада Казакстандан Кыргызстанга 274 унаа өткөн.
"УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөөлөр киргизилген эмес жана өткөрүү пункту күнүмдүк режимде иштеп жатат", - деп билдиришти аталган кызматтан.