Кыргыз-казак чек арасындагы кезек: Казакстан билдирүү жасады

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын тыгыны боюнча коңшу өлкөнүн финансы министри Ерулан Жамаубаев комментарий берди. Билдирүүнү министр өкмөттүн жыйынында айтты.
"Ал жерде өткөрүү бекети жок, бул ЕАЭБдин ички чек арасы. Менин билишимче, баңгизат кармоо операциясы болгон. Азыр чек ара кызматы жана УКМК тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатат",- деди министр.

Жамаубаевдин айтымында, коммерциялык жүк ташууга байланыштуу эч кандай ченемдер болгон эмес.

Эске салсак, кечээ, 21-августта "Ак-Тилек" постунун алдында 370 унаадан турган тыгын пайда болгону кабарланып, 10 сааттын ичинде үч гана жүк ташуучу унаа өткөнү маалымдалган.

Бүгүн, 22-августта Чек ара кызматы саат 12:00гө карата Кыргызстандан Казакстанга өтүү үчүн 430дай жүк ташуучу унаа кезекте турганын жана Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөөлөр киргизилбегенин билдирген.

Көп өтпөй социалдык тармактарда буга себеп Кыргызстан Казакстанга суу бербей койгону болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан