"Вагнер" жеке аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин бизнес учагында болгон Кристина Распопова учуу алдында социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүрөт жарыялаган. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, учууга бир нече убакыт калганда ал жакындарына алардын каттамы эмнегедир кармалып жатканын айткан. Ошондой эле учуу алдында ал аэропорттогу кафеден сүрөт жарыялаган.
Кечээ, 23-августта Евгений Пригожинге таандык болгон учак Орусиянын Тверь облусунун аймагында кулаган. Бортто 10 адам, анын ичинде Евгений Пригожин өзү дагы болгону кабарланды. Борттогулардын бардыгы каза болгон.