Садыр Жапаров "КР президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, буга чейин мамлекет башчысынын 2022-жылдын 15-августундагы №284 "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыгына ылайык, Элдик курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик курултай 1 миң 74 делегаттын катышуусунда болуп өткөн.
"Элдик курултай жөнүндө" КР Конституциялык мыйзамы кабыл алынгандыгына жана күчүнө киргендигине байланыштуу КР президентинин 2022-жылдын 22-августундагы № 284 "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыгы күчүн жоготуп, ошону менен бирге 2022-жылдын 25-ноябрында өткөн Элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулганы айтылат.