"22 секундда төмөндөп". Пригожиндин учагынын кыйрашынын так графиги жарыяланды

Дүйнө жүзү боюнча учактардын учууларын көзөмөлдөгөн Flightradar24 кызматы кыйроого учураган Евгений Пригожиндин бизнес-учагынын акыркы каттамы боюнча кеңири маалыматты жарыялады.

Flightradar24 кызматынын маалыматына ылайык, Пригожиндин Embraer Legacy 600 учагы Москва убактысы боюнча саат 17:46да өзү тууралуу маалыматтарды бере баштаган. Ал координаттарды берген эмес жана Flightradar24 анын жайгашкан жерин Москва убактысы боюнча саат 17:59дан 18:11ге чейин гана аныктай алган, ал учурда учак Москвадан түндүк-батыш тарапты көздөй алыстаган.

Саат 18:11ге чейин учак 28 000 футка (8,5 километр) чейин көтөрүлүп, андан кийин ушул бийиктикте учкан. Кийинки мүнөттөрдө ал бир аз көтөрүлүп, кайра төмөндөп, саат 18:59дун 52-секундасында учак дароо төмөндөй баштаган.

Кийинки 22 секунд ичинде учак 2 жарым километрге чейин кескин төмөндөп, андан кийин маалымат берген эмес.

Кечээ, 23-августта Евгений Пригожинге таандык болгон учак Орусиянын Тверь облусунун аймагында кулаган. Бортто 10 адам, анын ичинде Евгений Пригожин өзү дагы болгону кабарланды. Борттогулардын бардыгы каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан