Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарындагы Горький сейил багында жеке ишкер Эрмек Маркабаевдин жакындары жана жүзгө чукул тарапташтары тынчтык акциясына чыгышты.
Анда алар өлкө башчы Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевге кайрылуу жасашып, Маркабаевди Кыргызстанга депорт кылып алып келүү талабын коюшту.
Тынчтык акциясына келген Маркабаевдин атасы Сагындык Маркабаев уулунун Казакстанда күнөөсү жок камакта отурганын айтып, ага боштондукту суранды.
"Уулумду ак жеринен кармап отурушат. Ага адилеттүү чечим чыгышын талап кылабыз. Карыганда уулумдун ушундай күнүн көргөнүмө капа болуп турам. Эрмектин мамлекет үчүн жасаган иштерин эске алып, ага жардам беришиңерди суранам", - деди ал.
Тынчтык акциясы дээрлик бир саатка созулду.
Белгилей кетсек, Эрмек Маркабаевдин кармалышы ушул жылдын 7-июнунда Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлери аралык консулдук кеңештеринде талкууланган.
Кыргыз жаранына карата кылмыш ишин ар тараптуу, объективдүү иликтөө жана кароо, ошондой эле консулдук коргоо жаатында эл аралык укуктун ченемдерин сактоону камсыз кылуу өтүнүчү менен министрлик казак тарапка ушул жылдын 5 жана 27-июнунда ноталарын жөнөткөнү кабарланган.