"Вагнердин" согушкери Евгений Пригожиндин портретин көрүп ыйлады (видео)

"Вагнер" согушкери жеке аскердик компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен анын орун басары Дмитрий Уткиндин портретин көрүп ыйлап жиберди. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Видео Новосибриск шаарында тартылган. Анда "Вагнердин" мурдагы кеңсесинин алдына гүлдөр жана каза болгондордун портреттери коюлган. Аны көргөн согушкер көзүнө жаш алган.

Кечээ, 23-августта Евгений Пригожинге таандык болгон учак Орусиянын Тверь облусунун аймагында кулаган. Бортто 10 адам, анын ичинде Евгений Пригожин өзү дагы болгону кабарланды. Борттогулардын бардыгы каза болгон.

"Вагнердин" согушкери Евгений Пригожиндин портретин көрүп ыйлады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан