Орусиянын президенти Владимир Путин “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинге таандык учактын кулашы тууралуу үн катып, аны эскерди. Мындай тариздеги видео социалдык тармактарга жүктөлдү.
Белгилүү болгондой, Путин каза болгондордун жакындарына кайгыруу көңүл айткан.
“Алдын ала маалыматтарга караганда учакта “Вагнер” компаниясынын кызматкерлери болгону айтылып жатат. Эгер ошондой болсо, баса белгилеп айтып коюшум керек, бул адамдар биздин Украинадагы неонацисттердин режимине каршы жалпы күрөшүбүзгө салым кошкон. Биз муну унутпайбыз, билебиз жана эстейбиз”,- деди Путин.
Ошол эле учурда Путин Пригожин менен көп жылдардан бери тааныш экенин айтып, аны 90-жылдардан бери тааный турганына токтолгон.
"Анын тагдыры оор болду, жашоодо олуттуу каталарды кетирген. Ошол эле учурда тийиштүү максаттарына жете алган адам болгон. Таланттуу адам болчу, талантуу бизнесмен эле. Биздин өлкөдө гана эмес, чет мамлекеттерде да иштеди. Кечээ эле Африкадан келип, бул жакта бир топ расмий жетекчилер менен жолукканы боюнча кабарым бар. Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалып бул иш аягына чыгарылат", - деген президент.
Эскерте кетсек, 23-августтун кечинде Тверь облусунда Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары каза болгон. Росавиация жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин да болгонун жарыялаган.
Пригожиндин өлүмү тууралуу маалыматтардан кийин, АКШ президенти Жо Байден ага эмне болгону тууралуу так маалыматы жок болсо да, учактын Тверь облусунда кыйраганына таң калбасын билдирген.
Евгений Пригожин "Вагнер" куралдуу жарым-жартылай расмий түзүмүн негиздеген. Бул жеке аскердик компаниянын жалданмалары, анын ичинде абактардан тартылган жоочулар Украинадагы согушка жана Сирия менен Африка өлкөлөрүндөгү аскердик операцияларга активдүү катышкан.
Ал эми ушул жылдын 23-24 июнь күндөрү Пригожин жалданма аскерлери менен Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй багыт алган. Бирок кийин аскерлерин өзү токтотконун билдирип чыккан.
Путин Пригожиндин бул аракетин "чыккынчылык" деп баалап, "күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алат" деп убада кылган.