Бишкекте
бүгүн, 13-декабрда өткөн тегерек столдо Кыргыз Республикасынын экономика
министри Темир Сариев
“Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгын талкуулап
жатканда, фактылардан алыс болушубуз керек” деп билдирди.
Анын айтымында,
бүгүнкү күндө экономикалык жана коммуникациялык өсүүгө байланыштуу дүйнө күн
сайын өзгөрүп баратат.
“Илим менен техниканын өнүгүүсүнөн улам өндүрүш да
кеңейүүдө. Орусиянын расмий соодасында Кыргызстан биринчи орунда турат. Расмий эмес
сектор да жок эмес. Кытай менен иштешүү жөнөкөйлөтүлгөн.
Бизде өндүрүлгөн
товардын 50 пайыздан ашыгы Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө жөнөтүлөт. Күйүүчү май
толугу менен Орусиядан келгендиктен Кыргызстан бул багытта толугу менен көз каранды.
Ал эми буудай менен ун боюнча Казакстандан алып келебиз. Тигүү цехтеринин
буюмдары 90 пайыз Орусия менен Казакстанга экспорттолот”,- деди министр.