"Вагнер" жеке аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин денеси Твердеги өлүкканадан таанылды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Пригожиндин денесин "Вагнер" компаниясынын командирлеринин бири тааныган. Командир жансыз денени аты жок манжасынан таанып, Пригожин экенин айткан. Пригожиндин аты жок манжасы кесилген болчу.
Ошондой эле Пригожиндин оң колу болгон Уткиндин жансыз денеси дагы өлүкканадан таанылды. "Вагнерчилер" аны колунун татуировкасынан тааныган.
Буга чейин жансыз денелер катуу күйгөндүктөн аларга генетикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.
Эске салсак, 23-августта Тверь облусунда "Вагнердин" негиздөөчүсү Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары каза болгон. Росавиация жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин да болгонун жарыялаган.