Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзийоевдин кызы Саида Мирзийоева президенттин жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка Мирзийоев кол койгон.
Саида Мирзийоева 1984-жылы туулган. Ал өзбек президентинин тун кызы.
Саида Мирзийоева 2022-жылдан бери президенттик аппараттын алдындагы коммуникациялар жана маалымат саясаты секторунун башчысы болуп келген. Ага чейин 2019-2020-жылдары президенттик аппаратка караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
Буга чейин Сардор Умурзаков президенттик аппараттын жетекчиси кызматынан алынып, ал кызматтын өзү жоюлганы маалымдалган. Азыр Умурзаков президенттин өзгөчө иштер боюнча кеңешчиси кызматын аркалайт.