Түркияда өрт кырсыгы турукташты (видео)

Түркияда токой өртү боюнча абал турукташып, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки Бе-200 учагы өлкөдө кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу Орусиянын РИА Новости агенттиги билдирди.

"Абал турукташтырылды. Учурда кемелер Измирде нөөмөттө турушат", - деп билдирди агенттиктен.

Маалыматка ылайык, Түркияда болуп жаткан токой өртүнөн калкты жана аймактарды коргоо максатында Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки Бе-200 учагы жалпысынан 61 учуу жасап, 232 жолу жалпы көлөмү 2 миң тоннадан ашык суу агызган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, ведомствонун авиациялык паркында бүгүнкү күндө 91 учак бар, анын ичинде 68 Ми-8, Ми-26 жана Ка-32 тик учактары. Табигый өрттөрдү өчүрүүгө 5 тонналык суу төгүүчү жол менен жабдылган Ми-8 тик учактары, ошондой эле Ил-75 жана Бе-200 учактары тартылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин 23-августта Түркиянын түндүк-батышында Чанаккале провинциясында чоң токой өртү чыккан.

Түркияда өрт кырсыгы турукташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан