Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы депутат Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта БШКнын отурумунда белгилүү болду.
Маалымдалгандай, БШКнын мүчөлөрү №4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жыйынтыгы боюнча сот чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу маселесин карашты.
Белгилей кетсек, 18-августта Жогорку Сот депутат Өмүрбек Бакиров шайланган №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырган.
Талкуунун жыйынтыгында БШКнын 12 мүчөсү Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун каттоосун жокко чыгаруу үчүн добуш берип, ага берилген күбөлүктү жараксыз деп тапты.
Буга чейин 26-июлда Бишкек шаардык соту Бишкектин административдик сотунун Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар №4 бир мандаттуу округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин күчүндө калтырган, ал 7-июнда кабыл алынган.
Ошондой эле административдик сот бул округда шайлоо өткөрүү жана Өмүрбек Бакировду Жогорку Кеңештин депутаты деп таануу боюнча БШКнын чечимдерин жокко чыгарды.