Ош. Шаарда официанттар жана кафе-ресторандын ээлери ортосунда келишим түзүлөт

14-декабрда Ош шаарынын Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан официанттардын укугун коргоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Жыйынтыгы катары жакында Ош шаарындагы бардык кафе-ресторандарды иштеткен ишкерлер менен бүгүнкү тегерек столго катышкан топ жолукмай болду. Официанттардын укуктары жана тейлөө маданиятын үйрөтүү боюнча атайын окуу курсу ачылып, бул окууну бүткөндөргө сертификат берилип, ушунун негизинде эмгек келишимдерин түзүү сунушталды. Мындан сырткары Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен бирдикте жакынкы күндөрү шаардагы кафелерде рейд өткөрүү сунушу берилди. Эгерде эмгек келишими түзүлгөн болсо, эмгек китепчелери ачылып, кийин пенсияга чыгуу жолдору да каралды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан