Бишкектеги мектептердин биринин директору акча каражатын пара катары алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, УКМК тарабынан балдарды 1-класска кабыл алууда мектептердин биринин директору акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалды.
Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган мектептин директору К.А.Т. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
"К.А.Т. материалдык баюу максатында, ошондой эле билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишим түзүп, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган. Натыйжада ал баланы 1-класска киргизгени үчүн ата-энесинен опузалап акча талап кылган, эгер баш тартса, баланы мектепке киргизбейм деп коркуткан", - деп айтылат маалыматта.
Учурда буга байланыштуу УКМК билим берүү системасындагы коррупциялык мотивдерди жана схемаларды жок кылуу боюнча иштерди улантууда.