Москвада дайынсыз жоголгон көркөм муз тебүүчү Алина Горбачёва шаардагы соода борборлорунун биринин кинотеатрынан табылды. Анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок экенин Москва прокуратурасы социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, ага карата эч кандай мыйзамсыз аракеттер болгон эмес", - деп айтылат андагы билдирүүдө.
Ал полиция бөлүмүнө жеткирилип, аны менен психологдор иш алып барышууда.
Алина Горбачёва 28-августта Москвадагы "Чкалов Арена" спорт комплексинен чыккан. Акыркы жолу ал сейил бакка кирип бара жаткан жеринен видеокөзөмөлгө түшүп калган. Андан кийин аны эч ким көргөн эмес.
Ал машыгуу учурунда машыктыруучусу менен урушуп кеткен.