Тажикстанда селден каза болгондордун саны 21 адамга жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, каза болгондордун 17си Вахдат, экөөсү Рудаки жана дагы эки жаран Варзоб аймагынан табылган. Ал эми Вахдат шаарынын аймагын калыбына келтирүү иштерине 3 тонна, Гиссар шаарына 2 тонна дизель майы бөлүнгөн.
"Куткаруучулар 350 жергиликтүү тургун менен бирге ишке тартылып, аталган айылдардагы суу чубалгыларын, көчөлөрдү, жолдорду жана турак жайларды тазалашты",- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 27-августта Тажикстанда катуу жааган жаандан улам сел пайда болгон. Анын кесепетинен Душанбе-Чанак унаа жолунда сел, жер көчкү жүргөнү айтылган.