Бишкекте 31-август Эгемендүүлүк күнү жана 1-сентябрь Билим күнүндө жаңы Jong Tong автобустары менен жүрүү акысыз болот. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 31-августта Бишкек мэриясынан тастыкташты.
Маалым болгондой, бул иш-чара майрамдардын урматына демилгеленди. Борбор калаанын тургундары жана коноктору муниципалдык коомдук транспортто эки күн бекер жүрө алышат.
Алар: № 15, № 51, № 52 (жаңы каттамдар) жана №100, №105, №152, №195, №32 каттамдарда акысыз жүрүүгө болот.
" Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын жарандарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорттун иштөөсү саат 01:00гө чейин узартылды.
Ошондой эле майрамдык иш-чаралар өтүүчү жайларда жол убактылуу жабылгандыктан айрым каттамдардын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт. 1-сентябрдан коомдук транспорттор кадимки режимде иштей баштайт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн, 31-августтан баштап Кытайдан келген жаңы Jong Tong автобустары каттамга чыгышты.