"№100, №152, №212...". Бишкекте бир катар маршруткалардын ордуна жаңы автобустар каттамга чыкты

Бишкекте бүгүн, 31-августтан баштап Кытайдан келген жаңы автобустар каттамга чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 31-август Эгемендүүлүк күнүндө жаңы автобустар каттай баштайт. Ага байланыштуу Бишкек шаарынын маршруттук тармагы оптимизацияланууда.

"Транспорт департаменти тарабынан №15, №51, №52 толугу менен жаңы автобус каттамдары пайда болуп, №100, №105, №152, №195, №212 (каттам номерлери ошол бойдон калат) кичи автобустардын ордуна жаңы автобустар шаардыктарга кызмат кылат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Бишкекте быйыл муниципалитет газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алган. Буга чейин шаарга 200 автобустун партиясы келип, шаардыктарды тейлөө үчүн каттамга чыккан.

Калган автобустарды жыл аягына чейин шаарга алып келүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан