Бишкекте каттамдан алынган маршрутка айдоочуларынын тагдыры эмне болот? Мэрия жооп берди

Бишкек мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов мэриянын эсебинен кичи автобустардын айдоочуларын D категориясын алуу үчүн бекер окута тургандыгын SUPER.KG порталына билдирди.

"Каттамдан чыккан кичи маршруттук каттамдардын айдоочуларын бекер окутууга даярбыз. Учурда кичи автобустарды айдаган айдоочулардын айрымдары бекер окуп жатышат. Ал эми D категориясы барлар айдоочу болуп иштөөдө. Мурда 5 каттамга жалпы 167 кичи автобус чыкса, учурда алардын ордуна 94 автобус чыгууда", - деди Сазыкулов.

Мындан тышкары ал жаңы ачылган автобустук каттамдардын кыймыл чиймелери шаардык каттамдарды оптимизациялоо максатында түзүлгөн чиймелери жана канча даана автобус чыгып жаткандыгы тууралуу айтты.

"№100 кичи автобустук каттамдын ордуна - №100 автобустук каттам чыкты. Пландык чыгуусу 19 автобус. Жаңы кыймыл чийме сунушталды.

№212 кичи автобустук каттамдын ордуна - №212 автобустук каттам. Пландык чыгуусу 18 автобус. Жаңы кыймыл чийме сунушталды.

№105 кичи автобустук каттамдын ордуна - №105 автобустук каттам . Пландык чыгуусу 18 автобус. Жаңы кыймыл чийме сунушталды.

№152 кичи автобустук каттамдын ордуна - №152 автобустук каттам. Пландык чыгуу 22 автобус. Жаңы кыймыл чийме сунушталды.

№195 кичи автобустук каттамдын ордуна - №195 автобустук каттам. Пландык чыгуусу 17 автобус. Жаңы кыймыл чийме сунушталды.

Аталган кичи автобустук каттамдардын кыймыл чиймелери шаардын борбордук көчөлөрүнө киргизбөө максатында өзгөртүлүп сунушталды.

Ошондой эле жаңы ачылган №15, №51, №52 автобустук каттамдар ишин баштады", - деп кошумчалады мэрдин орун басары.

Белгилей кетсек, бүгүн, 31-августтан тарта Кытайдан келген Jong Tong автобустары каттамга чыгышты.

Ошондой эле Бишкек мэриясы бүгүн Эгемендүүлүк күнү жана эртең, 1-сентябрь Билим күнүндө жаңы автобустар менен жүрүү акысыз болорун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан