Түркмөн бийлиги башка өлкөлөрдөн виза алган жарандарына чет мамлекетке чыгуу үчүн психологиялык тесттен жана Улуттук коопсуздук министрлигинде аңгемелешүүдөн өтүү талабын киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, чет өлкөгө чыга турган жарандар визасын миграциялык кызматтан каттатып, ал жактан атайын тизмелерге киргизилип, кийин Улуттук коопсуздук министрлигинин облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилет. Белгиленген күнү бардык жаңы берилген виза ээлери райондук администрацияларга чогултулат. Бул жерде Улуттук коопсуздук министрлигинин миграция маселелерин тейлеген кызматкерлер жыйындын катышуучулары менен баарлашып, анкета толтурууну жана көлөмдүү психологиялык тесттен өтүүнү тапшырышат.
Сурамжылоодон кийин жарандардын үч муун боюнча туугандарынын соттолбогондугу, башкача айтканда, "үч арка" күбөлүгүнө жазылгандыгы текшерилет. Ошондой эле жарандар визанын мөөнөтү бүткүчө мекенине кайтып келүүсүнө кепилдик кат жазуусу талап кылынат. Эгер чет өлкөдөгү түркмөндөр белгиленген убакта өлкөсүнө келбесе , анда аларды кылмышкер деп "үч аркага” жазышат.
Эске салсак, буга чейин Түркмөнстанда бардык мамлекеттик кызматкерлер пахта терүүгө чыгышканы тууралуу маалымат тараган.