Оштун ат майданындагы тополоң: ИИМ чагымчыл жараткандар жоопко тартыларын айтты

Оштогу ат майданында чагымчыл аракет жасагандар жоопко тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

"Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданында көк бөрү боюнча финалдык беттештин аяктаар алдында оюндун жыйынтыгына көрүүчүлөр тарабынан нааразычылыктар айтылып, жыйынтыгында көрүүчүлөр массалык түрдө коомдук тартип бузушкан. Бул окуя ички иштер органдарында катталып, териштирүү иштери жүрүүдө. Жабыркаган жарандар жок. Териштирүү иштери ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө жана коомдук тартипти бузуп, чагымчылдык аракеттерди жасагандар аныкталып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат", - деп билдиришти ИИМден.

Ошондой эле ИИМ акыркы күндөрү социалдык тармактарда региондор аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланып жатканын эскертип, чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын кошумчалады.

Кечээ, 31-августта президенттин кубогунун финалында "Достук" жана "Ынтымак" командалары кез келишкен. Оюн 2:1 эсебинде "Ынтымак" командасынын жеңиши менен аяктаган. Оюндан кийин крүүчүлөр нааразы болуп, калыска жана "Ынтымак" командасынын оюнчуларына желим бөтөлкөлөрдү ыргытышып, аларды кубалашкан.

Өз кезегинде УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайрылуу жасап, тополоңдун катышуучулары кармала баштаганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан