Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 2-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Маалымдалгандай, эл өкүлү тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагында болот.
Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатканын анын адвокаты Гуляна Убалиева билдирген болчу.
Мадумаровду бүгүн көчөдөн ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери кармап кетишкен. Бирок министрлик расмий маалымат бере элек.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сураган. Депутаттык комиссия депутатка коюлган төрт берененин бири, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.