Көк бөрү чуусу: Депутат Икрамов көк бөрү мелдештеринин жобосун өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өлкө аймагында өткөрүлгөн көк бөрү боюнча мелдештердин жобосуна өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Эл өкүлү Эгемендүүлүк күнүндө Ошто болгон мелдештен кийинки чатак көк бөрүгө башка өң, башка жүз берүү заман талабы экенин көргөздү деп эсептейт.

"31-августта "Төлөйкөн" ат майданында болгон көк бөрүдө уюштуруучулардын калпыстыгынан аймактар аралык жик кетип калуу коркунучу туулуп, жалпы жарандарыбызды чочулоого салды. Биз бул фактыдан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Менин жеке сунушум, мындан ары облустук командаларды түп тамырынан жоюп (аталыштарын сактап калууну өз эрктерине коюу менен), клубдук командаларды түзүү мезгил талабы.

Республикалык маанидеги көк бөрү оюнуна жалаң гана клубдук командалар катышып, команданын мүчөлөрү ар бир облустан бирден оюнчу болуусу зарыл. Биз командалардын ар бир мүчөсүн региондордон тандап алып, аларды оюнга аралаштырмайынча мындай бөлүнүү коркунучу мындан ары көбөйө берет. Ал эми колдоочулар аймак аралык эмес, клубдар аралык болуп, жалпы күйөрмандар аралашып, чыр-чатак чыгуусун алдын алат. Курамына ар бир облустан улакчыларды албаган командаларды оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу зарыл", - деп жазды Икрамов.

Ошондой эле ал мындан ары көк бөрүнү эл арасына кеңири жайылтуу, жаш улакчыларды өстүрүү максатында айыл, район аралык оюндарга чек койбош керектигин белгилеген.

Эске салсак, 31-августта Президенттин кубогунун финалында "Достук" жана "Ынтымак" командалары кез келишкен. Оюн 2:1 эсебинде "Ынтымак" командасынын жеңиши менен аяктаган. Оюндан кийин көрүүчүлөр нааразы болуп, калыска жана "Ынтымак" командасынын оюнчуларына желим бөтөлкөлөрдү ыргытышып, аларды кубалашкан.

Саламаттык сактоо министрлиги жаңжалда жети адам жаракат алып, алардын бири ооруканага жаткырылганын маалымдаган. Мелдештен кийинки жаңжалга байланыштуу жалпы 65 киши суракка алынып, 9 кишиге кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан