Быйыл өлкөдө миллиондон ашык китеп басылып чыгат

Быйыл 1 миллион 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 10 эсеге көп. 2022-жылы 123 миң китеп басылып чыкканы айтылат.

"Басылган китептер бекитилген графикте мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге борборлоштуруп жеткириле баштайт.

Билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын "Учкун" ачык акционердик коому даярдайт. Ал үчүн атайын жаңы техникалык каражаттар алынган", - деп жазылат анда.

Мурун китептер жеке басмаканаларда даярдалып, баасы бир кыйла жогору болгону маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан