"Блогер же депутат бололу". Мындай пикирин эл өкүлү Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 6-сентябрдагы жыйынында билдирди.
"Ооба, биз депутатпыз, бизди эл шайлаган. Бирок ошого эсирбешибиз керек. Азыр бир депутатыбыз популисттик менен кызмат кылгандарды карап көрөлү деп айтты. Популисттик менен биз кызмат кылып жаткан жокпузбу деп ойлоп кетебиз. Мисалы, өкмөттүн мүчөлөрү келгенде, 2 суроо берүү үчүн мен түнү менен даярданам. Туура эмес суроо берип албайын, тантып албайын деп аракет кылам. Анткени өкмөттүн ар бир мүчөсү 20-30 жылдап бизден көп иштеген инсандар, кесипкөйлөр отурат. Эгер пиар кыла турган болсок, анда биз, өзүбүз туура кылганды үйрөнүшүбүз керек. Же пиарчы бололу, блогер бололу же өзүбүздүн статусубуз менен депутат бололу", - деди эл өкүлү.
Самыйкожо депутаттар өзүнүн баркын өзү түшүрө берсе туура болбой турганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин депутат Эрулан Кокулов билим берүү министри Каныбек Иманалиев кабыл албай койгонун билдирип чыккан. Анда эл өкүлү министрдин кабылдамасына билим жаатындагы бардык маселелер боюнча бирдиктүү ишеним телефон номерине байланыштуу суроолоруна жооп алуу үчүн барганын айткан.