Бүгүн, 7-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Мирлан Самыйкожо мектептерге китеп алууга депутаттардын айлыгынан акча бөлүп берүүнү сунуштады.
Ал мектептерде окуу китептери тартыш болуп жатканын белгиледи.
"Китепке 5 миллиард сом керек экен. Мен сунуш кылат элем, Жогорку Кеңеш баштап бербейлиби, биз айлыгыбыздан бөлүп берели. Аны башка мекемелер улантсын. Эр-азаматтар, бизнесмендер улантсын дагы мектептерди окуу куралдары менен камсыз кылбайлыбы", - деди Самыйкожо.