Бүгүн, 7-сентябрда Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Ушул эле күнү Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду.
Гүлнара Баатырова саламаттыкты сактоо министри болуп 2022-жылдын сентябрында дайындалган болчу.