Шергазы Мурзахмедов Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Мурзахмедов Шергазы Мураталиевич Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Буга чейин Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү алты айда начар жыйынтык көрсөткөнү үчүн Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдерин иштен алуу боюнча президенттик администрацияга сунуштама бергени айтылган болчу.
Андан кийин Садыр Жапаров Түп жана Ысык-Көл райондорунун акимдерин кызматтан алган.