Бразилиянын президенти Лула да Силва кесиптеши Орусиянын президенти Владимир Путинди Бразилияга келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Да Силва Путиндин буга чейин чакыруу алганын жана келерки жылы башка дүйнө лидерлери да Бразилияга келет деп үмүттөнөрүн белгиледи.
"Мындан кийин алардын баары Бразилиядагы G20 саммитине келип, тынчтыктын атмосферасын сезет деп үмүттөнөм. Биз музыканы, карнавалды, футболду жана конокторду жылуу тосуп алганды жакшы көрөбүз", - деген Да Силва.
Өлкө Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү экенин эске алганда, Путин Бразилияга кантип келет деген суроого жооп берип жатып, Да Силва орус президенти оңой эле келе аларын, анткени Путиндин Бразилиянын президенти катары коопсуздугуна кепилдик берерин белгиледи.
2023-жылдын мартында Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Владимир Путин менен Орусиянын Балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белованы украиналык балдарды өлкөнүн оккупацияланган аймактарынан депортациялаган деген айып менен камакка алууга ордер чыгарган.
Бразилия Рим статусун ратификациялаган 120 өлкөнүн катарына кирет.