Комитет Алымкадыр Бейшеналиев менен Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети саламаттыкты сактоо министринин кызматына Алымкадыр Бейшеналиевди жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин ордуна Гүлнара Баатырованы дайындоого макулдугун берди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 7-сентябрда Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулгандыгына байланыштуу ошол учурдагы саламаттыкты сактоо министри болуп турган Баатырова анын ордуна дайындалган. Ал эми Гүлнара Баатырова башка кызматка дайындалгандыктан анын ордуна министрдин милдетин убактылуу Алымкадыр Бейшеналиев аткармай болгон.

Алымкадыр Бейшеналиев аталган кызматка экинчи ирет дайындалууда. Ал 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин саламаттыкты сактоо министри болгон, 2022-жылдын август айында кызматынан бошотулуп, "Алтын-Балалыкты" жетектеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан