Ливияда экинчи күндөн бери нөшөрлөгөн жаандан улам бардык шаарларды суу каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, жамгырдан улам өлкөнүн айрым аймактарында суунун деңгээли үч метрге чейин көтөрүлгөн. Табигый кырсыктан Ливиянын чыгыш аймагы катуу жабыркап, жолдор бузулган. Көчөлөрдү жана үйлөрдү суу каптаган. Жергиликтүү тургундарды куткарып жаткан беш жоокер дайынсыз жоголгон.
Ал эми өлкөнүн жамгыр жаабаган аймактарында кумдуу бороон болууда. Ливия өкмөтү өлкөдөгү абалга байланыштуу эки күндүк коменданттык саат жарыялады.
Эске салсак, 5-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында да катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Анда 2 адам каза таап, 10дон ашык адам жаракат алган.