"Өзүн президент сезип алды". Парламентте Эдил Байсаловду кызматтан алуу талабы дагы айтылды

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тууралуу атайын билдирүү жасады.

Анда эл өкүлү Байсалов өзүн президент сезип алганын айтты. Ошондой эле аны социалдык тармактагы бир катар маселелерге байланыштуу айыптап, кызматтан алынышы керектигин билдирди.

"Сентябрда "чу" дегенде эле билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлери алмаштырылды. Эмне себептен Кыргызстандагы китептердин жоктугуна Каныбек Иманалиев жооп берип, Эдил Байсалов жооп бербеши керек? Эмне үчүн саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөргө жооп бербеши керек? Парламентке келип ороңдоп, чоң сүйлөп койсо эле кыйын болуп кетиши керекпи? Биз андай "хандардын" көбүн көргөнбүз. Аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу органынын ортосуна чок салган Байсалов кызмат ордунда турганга моралдык акысы жок", - деди Атазов.

Комитеттин төрагасы Улан Примов Атазовдун билдирүүсүн колдоду. Ал Байсаловго байланыштуу үч фракция маселе көтөрүп, парламенттин тиешелүү чечими президентке жөнөтүлгөнүн белгиледи.

6-сентябрдагы парламент жыйынында да Эдил Байсаловду кызматтан алуу маселеси көтөрүлгөн. Ал өзү парламенттеги соңку билдирүүлөр тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 22-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар президентке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматынан бошотуу сунушун жөнөткөн. Мындай демилге "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" фракцияларынын жана "Мекенчил" депутаттык тобу тарабынан парламентке сунушталган болчу.

Байсалов 2021-жылы 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган.

Жогорку Кеңеш 11.09.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан