Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар президентке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматынан бошотуу сунушун жөнөттү.Бүгүн бир катар депутаттар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду отставкага кетирүү боюнча маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.
Эскерте кетсек, Байсалов 20-июнда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар менен айтыша кеткен. Ал "парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү мүнөздө гана экенин" айтып, депутаттарды сындаган.