Баткен-Бишкек аба каттамынын баасынын кымбаттыгына эл нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Чолпон Султанбекова билдирди.
"10-12 күн мурун билетти алышат экен. Анда дагы самолёт ошол күнү учпай калып, эртеси учуп же болбосо такыр эле рейсти алып салганын айтып жатышат. Бул аябай көйгөйлүү маселе болуп жатат. Бир жакка 6 миң, кайра келишине дагы 6 миң болуп, 12 миң сом болот экен. Бул Лейлектик туугандар үчүн кыйын маселе болууда. Ошондуктан компаниялар менен сүйлөшүп, билеттин баасын түшүрүп, рейстердин санын да көбөйтүү керек", - деди эл өкүлү.
Ал арада парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттын көтөргөн маселеси боюнча кабары бар экенин, бул боюнча өкмөттүк деңгээлде жумуштар жасалып жатканын айтты.
"Акылбек Үсөнбекович менен да сүйлөштүк. Кайрылуулар келген. 6 миң сом каттамдардын өздүк наркын толук жаппайт экен. Бирок элди социалдык жактан коргоп, жардам берүү иретинде азыр министрлер кабинети билеттин баасын бир аз түшүрүп, калган чыгымдарын мамлекет тарабынан дотация кылып, колдоо боюнча иш алып барып жатышат. Бул маселе боюнча "Тез Жет" компаниясынын жетекчилиги менен да сүйлөшүп, тапшырмалар берилген", - деди төрага.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектен Баткен жана Раззаков шаарларына аба каттамдардын саны көбөйтүлүп, баасы арзандаганын Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген болчу.