Жогорку Кеңеш үч министрди кызматка дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министри, ал эми Гүлнара Баатырованы эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, алардын талапкерлиги жактырылды.

Президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов талапкерлер боюнча маалымат берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Жалолидин Нурбаев Араван районунун Мангыт айыл аймагындагы ооруканага кошумча орундуктарды ачуу, Төбө-Коргон айыл аймагындагы оорукананын имаратын оңдоо иштерин баштоону тездетүү маселесине көңүл бурду. Эл өкүлү Сүйүнбек Өмүрзаков аймактардагы медицина кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, жаңы аппараттар менен жабдуу сыяктуу сунуштарын билдирди. Шарапаткан Мажитова медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын ишине эл арасында нааразычылык күч экендигин белгилеп, жаңы министрге бул тармакты реформалоо боюнча сунуштарын айтты. “Түндүк” системасы аркылуу электрондук тактама алууну жакшыртуу маселесин козгогон Талант Мамытов аймактагы тургундарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууну белгиледи.

Ал эми Айбек Осмонов Ош шаарына келген кымбат баалуу компьютердик томография керектүү имараттын жоктугунан эки жылдан бери иштебей турганын айтып, Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылды. Депутаттын суроосуна жооп берген саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу бул багытта керектүү каражат толук бөлүнүп берилгенин кошумчалады.

Ошондой эле талкуу маалында Айсара Абдибаева дары-дармек тармагын реформалоону аягына чыгаруу, жеке клиникалардын калкка кызмат көрсөтүү бааларын турукташтыруу сыяктуу бир катар сунуштарды көтөрдү. Аманкан Кенжебаев ижарада отурган Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына имарат куруу, аймактарда колдонулуп жаткан эски кызматтык унааларды колдонуудан чыгаруу сыяктуу талаптарын айтты. Ата-энеси миграцияда жүргөн балдарга жөлөк пул берилбей жатканын айткан Надира Нарматова бул маселени чечүү сунушун айтса, Камила Талиева эне баланы коргоо бөлүмүн тартипке келтирүү, Лейлек районунун Айбийке айылындагы эски ФАПтын имаратын жаңылоо маселесине көңүл бурду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан