"Кабинетиме келсеңиз, эркекче сүйлөшүп алалы". Депутат Алымкадыр Бейшеналиевге кемчилигин айтты (видео)

Бүгүн, 13-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кемчилигин айтты.

"Сиздин бир кемчилигиңиз - телефон чалса албайсыз. Биз эч убакта башка суроо менен чалбайбыз. Эгер убактыңыз болсо жыйындан чыккандан кийин менин кабинетиме келсеңиз, экөөбүз бир жакшылап эркекче сүйлөшүп алалы, мындан кийин кантип иш алып барарыбыз тууралуу. Эми эркекче дегеним, мамиле түзүп алалы деген мааниде. Сиз мурда министр болуп турганда телефон чалып бир да жолу алдыра албай койдум. Ошондуктан бир сүйлөшүп алалы", - деди Сулайманов.

Ошондой эле ал Бейшеналиевдин мурда жасаган иштерин колдоп келгенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн парламентте Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министри, ал эми Гүлнара Баатырованы эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, алардын талапкерлиги жактырылды.

Жогорку Кеңеш 13.09.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан