Нурия Кутнаева 1977-жылы 9-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Азыркы №6 мектеп-гимназиясынын автордук окуу комплексин бүтүргөн. 1999-жылы Кыргыз-орус Славян университетин аяктаган. Саясий илимдердин кандидаты.
Эмгек жолу:
2000-2008-жылдары Азия Банкында котормочу;
2009-2014-жылдары Борбор Азия Эл аралык университетинде программанын вице-президенти;
2014-2018-жылдары президенттик аппаратта иштеген;
2018-2021-жылдары Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасынын директору;
2021-жылдан бери Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп иштеген.
Эске салсак, бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министри, ал эми Гүлнара Баатырованы эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, алардын талапкерлиги жактырылган.