Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 13-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматынан билдирди.
Анын саламаттык сактоо министри кызмат ордуна талапкерлиги парламентте бүгүн каралып, колдоо тапкан.
Бейшеналиев аталган кызматка экинчи ирет дайындалууда. Ал 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин саламаттыкты сактоо министри болгон, 2022-жылдын август айында кызматынан бошотулуп, "Алтын-Балалыкты" жетектеген.