Президент Садыр Жапаровду Душанбеден Борбор Азия мамлекет башчыларынын V консультативдик жолугушуусунун катышуучулары узаткан видео тарады. Анда өлкө башчысын Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзийоев, Сердар Бердымухамедов, Касым-Жомарт Токаев жана Ильхам Алиев узатканын көрүүгө болот.
Борбор Азиянын калган лидерлери Аралды куткаруу эл аралык фондунун негиздөөчүлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Душанбеде калышты.
Ал эми Жапаровдун Тажикстанга болгон сапары кечээ аяктап, Бишкекке кайтып келди.
Аталган сапардын алкагында президент Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Мындан сырткары Борбор Азия мамлекет башчыларынын бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышкан.