Ушул жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен "Ошэлектр" ААКнын тармактарындагы жоготуулар 325,1 миллион кВт саатты же 16,6 пайызды түздү. Өткөн жылга салыштырганда жоготуунун көлөмү 2,6 пайызга азайган. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Коммерциялык жоготууларды азайтуу үчүн бул жылы аталган мекемеде бир катар иштер жасалды. Жалпысынан 121 миңден ашык электр эсептегичтер көзөмөлдөөгө ыңгайлуу жайга чыгарылды.
Мындан сырткары 281 миңден ашык эсептегичке пломба басылды.