Кыргызстанда импорттук ундун баасы көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев билдирди.
Жыйында депутат Жусупбек Коргонбай уулу ундун баасы эмнеге көтөрүлүп жатканына кызыкты.
"Эмне үчүн ун кымбаттап жатат? Миң сомго көтөрүлүп кетиптир. Нандын баасы 35-40 сом болуп кетиптир. Эмне карабайсыңар?", - деди Коргонбай уулу.
Ага Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев казакстандык ишкерлер Кыргызстанга ун азыктарын жөнөтпөй жатканын билдирди.
"Өткөн бейшембиден тарта Казакстандан келген импорттук унга баа өсүп баштады. Себеби Казакстандан келген ундун көлөмү кескин азайды. Бул боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө", - деди Мамыралиев.